www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика министрлигинин жүргүзүп жаткан реформаларынын алкагында “КУЭТ” ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан 2025-жылы Нарын облусунда ишкананын темир-бетон буюмдарын чыгаруучу цехинде өндүрүлгөн темир-бетон мамылары орнотулуп, алмаштырылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. 

Маалым болгондой, калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатын көздөгөн бул иш-аракеттердин жыйынтыгы менен жалпысынан 3233 даана темир - бетон мамылары Нарын облусунун аймактарында орнотулду.

Нет описания фото.

Темир-бетон мамыларын орнотуу жана алмаштыруу иштери капиталдык курулуш планына ылайык төмөнкүдөй жүргүзүлдү:

1. Ат-Башы РЭТи — 771 даана;

2. Ак-Талаа РЭТи — 249 даана;

3. Жумгал РЭТи — 220 даана;

4. Кочкор РЭТи — 577 даана;

5. Нарын РЭТи — 496 даана;

6. Тогуз-Торо РЭТи — 184 даана.

Мындан тышкары, оңдоп-түзөө иштеринин алкагында 736 даана темир-бетон мамы алмаштырылып, орнотулду.

Возможно, это изображение дерево и текст

Ошондой эле 2026-жылы, цех 5316 даана темир-бетон буюмдарын жана мамыларды өндүрүп, райондорго керектүү өлчөмдө бөлүп берүүнү пландоодо. Ал эми ремонттук кампаниянын башталышы менен капиталдык курулуш жана оңдоп-түзөө иш болжомдоруна ылайык облус боюнча 2560 даана темир-бетон мамыларын орнотуу пландалууда.

Эске салсак, 2024- жылы 31- августта Нарын шаарында, 2025-жылдын ноябрь айында Кочкор районунун Чолпон айылында дагы темир-бетон мамыларын өндүрүүчү цех курулуп, ишке берилген. Аталган цехтер ишке берилгени ишкананын ишмердүүлүгүнө керектелүүчү мамылар менен толук камсыздалып, башка жактан сатып алуу муктаждыгы жоюлду.

Возможно, это изображение дерево и текст

Последние новости