www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көпчүлүк аймакта өткүн өтөт. 18-июлга күтүлгөн аба ырайы

18-июлдан 22-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, өлкөнүң тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Эртең, 18-июлга караган түнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт, кээ бир райондордо жаан нөшөрлөп жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +27…+32,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +29…+34,

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын  температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +29…+31 градус болот.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости