www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кумтөрдүн" азыркы жетекчиси Алмазбек Барыктабасов өзүнө 30 миң доллар айлык коюп алганы боюнча Фейсбук тармагында кызуу талкуу жүрүп жатат. Андагы айтылган маалыматта ач иттин артын сук ит жалайт болушуп, ишкананын башка бөлүмдөрүнүн жетекчилери болсо 10 миң доллардан айлык алышаары дагы жазылган. 

Бул боюнча "Кумтөр" ишканасынын басма сөз кызматы ак же көк деп ооз ача элек. Айтылып, жазылып жаткан маалыматты төгүндөп жокко чыгарган да, чындык деп тастыктаган да жок. 

Демек, унчукпай койгон үйдөй балээден кутулат болушуп, кулак сыртынан кетирип жатышканына караганда, бир мандем бар окшойт. Жел болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт деп бекеринен айтылбаса керек. Сүттөн таза, кардан ак болушса, эмдимгиче билмексен болушпай, ач айкырык салышмак. Андыктан, илинчеги бар көрүнөт. 

Өкүнүчтүүсү, быйыл "Кумтөрдөн" былтыркыдан 13 миллиард сом,  дээрлик 4 эсе аз салык түшүп, бюджет, казына толбой маселе жаралып жатканда, жеке кызыкчылыктарын көздөшкөн "Кумтөрдүн" жетекчилери өздөрүнө олчойгон айлык коюп алышканы мыйзамга да, акылга да сыйбаган көпкөндүк эмеспи?

Буларга Теңирин тааныбай көпкөн, киши тааныбай көзүн чылк май баскан Тенгиз Бөлтүрүктүн тагдыры сабак болбогону өкүндүрөт. Сөзсүз эле түрмөгө камаганда эстерине келишеби?

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес

Булак: NazarNews.kg

Последние новости