www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Вагнер" жеке аскердик компаниянын негиздөөчүсү Евгений Пригожин Беларустун аймагында эмес. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда республиканын президенти Александр Лукашенко маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

«Мага маалым болгондой, аскерлер өз лагерлеринде. Пригожинге келсек, ал Петербургда. Ал Беларустун аймагында жок ", - деди президент.

Эскерте кетсек, 23-июнда "Вагнер" компаниясынын жетекчилиги тарабынан Россия Федерациясынын бийликтерине жана Коргоо министрлигинин жетекчилигине каршы куралдуу көтөрүлүш жасоо аракети болгон. 24-июнь күнү эртең менен Орусиянын президенти Владимир Путин орусиялыктарга кайрылып, өлкөнү коргоо үчүн бардыгын жасоону убада кылган.

Лукашенко Путин менен макулдашып, ошол эле күнү "Вагнердин" жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Тараптар Россия Федерациясынын аймагында «кандуу кыргынды» чыгарууга жол берилбестиги жөнүндө бир пикирге келишип, Пригожинге Белоруссиянын территориясына кетуу укугу берилген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости