www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 1-апрелинде кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты КР айрым кодекстерин өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин бузгандыгы үчүн көрүлүүчү чаралар бөлүгүндө «Өзгөчө абал жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамы менен шайкеш келтирүү болуп саналат.
Кабыл алынган Мыйзам менен төмөнкү жоопкерчилик түрлөрү киргизилет:
— өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал, согуштук абал режимдерин киргизүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандыгы үчүн;
— өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал же согуштук абал режиминин талаптарын бузгандыгы үчүн;
— чектөө иш-чараларынын (карантиндин) эрежелеринин (талаптарын) бузгандыгы үчүн;
— дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн;
— коменданттык сааттын талаптарын (шарттарын) сактабоо үчүн;
— өзгөчө абал шарттарында укук тартибин бузууга багытталган аракеттер үчүн;
— өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал же согуштук абал режимин киргизүү мезгилинде бааларды негизсиз жогорулатуу үчүн.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.