www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
14-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өткөн отурумдун алдында камактагы “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков ишти ачык кароону талап кылды. Ал сегиз айга созулган тергөөдө күнөөнү далилдей турган негиз жок экенин айтып, сот процесси жабык өтүп жатканын сынга алды.
Айыпталуучу Кадырбек Атамбаев болсо тергөө абагында өзүнө карата коркутуулар жана кыйноолор болгонун билдирди. Ал буга чейин да ушул боюнча ачык кайрылуу жасаган, ал эми ЖАМК бул дооматтарды четке каккан.
Жактоочулардын бири келбей калгандыктан сот отуруму 28-июлга жылдырылды.
Бул иш боюнча Темирлан Султанбеков, Кадырбек Атамбаев жана Кубанычбек Кадыров «бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу» беренеси менен, дагы бир катар саясатчылар жана активисттер «массалык башаламандыктар» беренеси боюнча айыпталууда. Айыпталуучулар коюлган дооматтарды четке кагып келишет.