www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) ИИМдин Интерпол боюнча Улуттук борбордук бюросу менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп шектелген жаранды Грузиядан Кыргызстанга алып келгенин билдирди.

Маалыматка ылайык, 1994-жылы туулган А.у.Э. К. Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар делип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү («Уюшкан топ түзүү же ага катышуу») боюнча эл аралык издөөгө алынган.

УКМКнын маалыматы боюнча, 2019-жылы А.у.Э. жана анын жакын байланышы болгон «М.Т.А.» аттуу адам К. Асанбектин атынан Чаткал жана Ала-Бука райондорундагы тоо-кен тармагын көзөмөлдөөгө байланыштуу мыйзамсыз иштерге катышкан деп шектелүүдө.

Ошондой эле жергиликтүү тургундардан уюшкан кылмыштуу топторду каржылоо үчүн акча талап кылуу фактылары боюнча арыздар түшкөнү айтылды.

Учурда кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда.

УКМК республика аймагында криминалдык элементтердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу, алардын бизнес чөйрөсүнө кийлигишүүсүнө жол бербөө жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча иштер улантылып жатканын белгиледи.

Последние новости