www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

31-октябрда, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2025-жылдын 30-ноябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан талапкерлер, саясий партиялар жана алардын өкүлдөрү үчүн окутуу семинарын уюштурду.

Иш-чара Кыргыз мамлекеттик драма театрында өтүп, 400гө жакын катышуучуну чогултту.

КР БШКнын төрага орун басары Бахадыр Конуров белгилегендей, окутуунун максаты – шайлоо процессине катышуучуларынын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана шайлоо өнөктүгү маалындагы мыйзам бузуу учурларын алдын алуу болуп саналат.

Семинарда төмөнкү маселелер кеңири талкууланды:

• Кыргыз Республикасынын “Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамына киргизилген акыркы өзгөртүүлөр;

• талапкерлердин жана партиялардын шайлоо фонддорун түзүү жана жүргүзүү тартиби;

• үгүт иштерин жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү;

• шайлоо талаштарын кароо тартиби жана мыйзам бузгандыгы үчүн жоопкерчилик маселелери.

БШКнын кызматкерлери катышуучуларга мыйзам талаптарын так сактоо боюнча практикалык сунуштарды берип, алардын суроолоруна жооп беришти. Эң көп кызыгуу жараткан темалар шайлоо фонддорунун каржыланышы, укук бузуулар жана үгүт иштерине байланыштуу болду.

Последние новости