www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Түштүк Кореянын Пусан шаарында АКШ президенти Дональд Трамп менен өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын комментарийледи, деп билдирет Tengrinews.kz.
Экономика жана энергетика жаатындагы кызматташтык
Кытайдын борбордук телеканалынын маалыматына ылайык, Си Цзиньпин менен Трамп соода-экономикалык жана энергетикалык тармактарда өз ара кызматташууну чыңдоого, ошондой эле маданий жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө макулдашышкан.
«Эки өлкөнүн башчылары соода жана экономика, энергетика тармактарындагы кызматташууну күчөтүүгө, ошондой эле маданий жана гуманитардык алмашууларды кеңейтүүгө макул болушту», — деп айтылат телеканалдын билдирүүсүндө.
«Диалог каршылыкка караганда жакшы жол»
Си Цзиньпин белгилегендей, Кытай менен АКШ эл аралык аренада өз ара позитивдүү аракеттениши жана бардык деңгээлде диалогду улантышы керек.
«Диалог — каршылыктан жакшы. Кытай менен АКШ бардык деңгээлде өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташууну чыңдашы зарыл», — деди Кытай лидери.
Эки державанын жоопкерчилиги
КЭР төрагасынын айтымында, дүйнө азыр олуттуу чакырыктарга туш болуп жатат жана Кытай менен АКШнын кызматташуусунан дүйнөлүк туруктуулук көп жагынан көз каранды.
«Бүгүн дүйнө көптөгөн кыйынчылыктарга туш келүүдө. Ири державалар катары Кытай менен АКШ биргелешип жоопкерчиликти көрсөтүп, эки тарапка тең жана жалпы дүйнөгө пайдалуу максаттарга жетүү үчүн иштеше алышат», — деп билдирди Си Цзиньпин.
Маалыматка караганда, эки өлкөнүн лидерлери байланышта болууга макулдашкан. Дональд Трамп Си Цзиньпинди АКШга чакырып, өзү Кытайга келерки жылдын башында сапар менен барууга ниетин билдирген.
Трамп менен Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрү Түштүк Кореянын аба базасында жабык форматта өтүп, 1 саат 40 мүнөт созулган. Кийин АКШ президенти сүйлөшүү «конструктивдүү атмосферада» өткөнүн белгиледи. Тараптар соода келишимин даярдоого макул болуп, Кытай бир жылга сейрек кездешүүчү металлдардын экспортун чектөөнү токтотот. Трамп Кытай товарларына салыктар 47 пайыз деңгээлинде калат деп билдирди. Ошондой эле сүйлөшүүдө Украина, Жакынкы Чыгыш жана ядролук коопсуздук маселелери талкууланды.
Ошол эле дүйнө жүзү эки лидердин жолугушуусуна кулак түрүп, өзгөчө көңүл бурду. Алсак көп өтпөй Кытайдын биржалары Си Цзиньпин менен Трамптын жолугушуусунан кийин эки күн катары менен түшүүдө деп ТАСС жазып чыкты.
Шанхай жана Шэньчжэнь фондулук биржалары Си Цзиньпин менен Дональд Трамптын жолугушуусунан кийин экинчи күн катары менен төмөндөөдө. Shanghai Composite индекси 0,81%га түшүп, 3 954,79 пунктка жетти, ал эми Shenzhen Component 1,14%га төмөндөп, 13 378,21 пункт болду.
Ири компаниялардын CSI 300 индекси 1,47%га төмөндөп, 4 640,66 пунктту түздү. Ал эми жогорку технология тармагындагы Star Market 50 жана ChiNext индекстеринин көрсөткүчтөрү тиешелүүлүгүнө жараша 3,13% жана 2,31%га түшүп, 1 415,52 жана 3 187,53 пункт болду.
30-октябрда Түштүк Кореянын Пусан шаарында Си Цзиньпин менен Дональд Трамп жолугушкан. Кытайдын Соода министрлигинин маалыматына ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында АКШ Кытай товарларына карата киргизилген 10%дык «фентанил салыгын» жокко чыгарып, кошумча 24%дык тарифтин ишин токтотууну узартат. Өз кезегинде Кытай да ушул салыктар боюнча каршы чараларын тууралайт.
Ошондой эле Вашингтон менен Бээжин бири-бирине карата кем куруу тармагындагы чектөөлөрдү бир жылга токтотуу тууралуу макулдашты. АКШ 29-сентябрда жарыяланган, Кытайдын санкциялык тизмесине кирген компаниялардын туунду ишканаларына тиешелүү экспорттук чектөөлөрдү дагы бир жылга токтотот. Кытай да 9-октябрда жарыялаган экспорттук көзөмөл чараларын бир жылга токтотот.
Ал эми TikTok социалдык тармагына байланышкан маселе жолугушуунун жыйынтыгында чечилген жок.