www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, кечээ, 20-январда Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Ак-Сай айылындагы айланма жол тилкесиндеги Бакай жерлигинде тажик номери менен КамАЗ үлгүсүндөгү автоунаа байкалган.

Аталган автоунаа КР УКМКнын Чек ара кызматынын “Ак-Сай” чек ара постунан Тажикстандын Ходжаи Аъло айылын көздөй катуу ылдамдыкта өтүп кеткен.

Тажикстандын Согди багыты боюнча чек ара өкүлү Кыргызстандын Баткен багыты боюнча чек ара өкүлүнө Кыргызстандын жарандары КамАЗ үлгүсүндөгү автоунаанын алдыңкы айнегин талкалагандыгын билдирген. Ошол эле учурда айдоочуга кол салды деген маалымат тастыкталган жок.

Эки тараптын укук коргоо органдары келип чыккан окуя боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости