www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Нарматова шепи Мадумаровду туурайм деди го, сыягы”, - деди бүгүн, 21-январда, NazarNews маалымат агенттигине акын жана журналист Калдарбек Койлубайтегин.

- Кечээ БШК Орозайым Нарматованы мандатынан ажыратты. Жасалма дипломго ким күнөөлүү?

- Бул ташпиштин жаралашына кимдир бирөө эмес, Нарматованын өзү себепкер. Саясаттын тикен баскан жолунун ыпыластыгын, айла-амал менен гана басып өтөөрүнө көзү турсун башы деле жетпей, күүлөп коюшса атырылып, жеп салчудай ызырынып турбадыбы.

Маалымат менен фактынын айырмасын билбей, уккан ушакты же кимдир бирөө атайын берген бирдемелерди согуп, жеке адамдарга асылып, өзүнө көр казып жатканда деле көөп кеткенинен улам, көзүнө эчтемке көрүнгөн эмес.

Анан мандат колуна тийген соң бүттү, баарыңар таманымдын алдында калдыңар дегендей ойго биротоло кетти. Жеке өзүнүн саясаттагы орду тууралуу “мактанып” айтканын деле угушту.

Саясаттын өзүнөн башка көлөкөсү болоорун кайдан билсин бул көчөт кыз. Бирөөнү жамандап отуруп, шыбап отуруп эч качан анын астанасын аттай албайсың. Балким шепи Мадумаровду туурайм деди го, сыягы.

Ал башка кексе куу түлкү, ал ийри-буйру жолдордон эбак өтүп кеткен. Ал бүгүн соңку аракеттерин көрүп, ары же бери болуунун жан далбасында. Башкысы, жасалма диплом ташпишинде Нарматова баарын сопсонун билип туруп, кайра алдамчылыктын тузагына түшүп берди.

Тетирисинче, болгонун болгондой айтып, маселени кабыргасынан койгондо, күнөө университеттин дарегине кадалмак да, Нарматова өзүнүн абийирин гана эмес, саясаттагы жолун сактап калмак. Жок, духу жетпеди чамасы. Атасы деле суракка келиптир дешти, балким ошол киши өзүн, кызын актап отуруп иштин ышпалдасын чыгаргандыр. “Честь мундира” дегенди али эч ким жокко чыгара элек.

Кандайынан албайлы, кандай келсе, ошондой кетти. Балким, соттошуп көрөөр, бирок төгүлгөн абийир өзүнүн ишин кылганы кылган...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости