www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вена шаарындаКыргызстандын делегациясы ШКУнун баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү практикалык кызматташтыкты бекемдөө боюнча атайын иш-чарасына катышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен илдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара БУУнун Баңгизат каражаттар боюнча комиссиянын 67-отурумунун алкагында өтүп, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу уюшкан кылмыштуулукка, коррупцияга, террорчулукка жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө практикалык кызматташууну бекемдөө маселелери талкууланды.

Иш-чарага БУУнун БКБнын координациялык бөлүмүнүн башчысы Тофик Муршудлу, ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Шухрат Собирзода, ШКУга мүчө-мамлекеттердин делегациялары жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар коопсуз жана туруктуу келечек куруу үчүн жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча улуттук күч-аракеттерди активдештирүү жана эл аралык күч-аракеттерди колдоо, анын ичинде баңгизаттардын, уюшкан кылмыштуулуктун, коррупциянын жана терроризмдин өз ара байланышкан көйгөйлөр чечүүгө багытталган практикалык чараларды кабыл алуу макулдашылды.

Последние новости