www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгекти көзөмөлдөө кызматы Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариядан жабыркаган кызматкердин кайрылуусу тууралуу комментарий берди.

Мекеме иш берүүчү келтирилген зыяндын ордун толтуруудан баш тартса, Эмгекти көзөмөлдөө кызматы Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чара көрө турганын билдирди. Андан тышкары Эмгек кодексинин 225, 231, 235 жана 244-беренелери боюнча кызматкер эмгек милдеттерин аткарып жаткан тапта жабыркаса, иш берүүчү келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тарта турганын эскертти.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде жарылуу болуп, беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияда дарыланууда.

Бишкек жылуулук электр борборунун ушул кырсыкта жабыркаган дагы бир кызматкери Чыңгыз Бактыбеков ооруканадан чыкканын, дары-дармекке акча бөлүнгөнүн, бирок кенемте төлөнбөй жатканын айткан. Ал азырынча жумушка жараксыз экенин, дагы алты ай иштей албасын билдирип, бийликтен жардам сураган.

Последние новости