www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР эмгек сиңирген артисти Райма Абдубачаева каза болду

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Абдубачаева Райма Исмаилбековна 75 жашында дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты кошумча маалымдалат. 

Райма Исмаилбековна, 1948-жылы 13- август күнү Фрунзе шаарында кыргыз театр искусствосунун чолпон жылдыздарынын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Абдубачаев Исмаилбек Москва шаарындагы А.В.Луначарский атындагы театралдык институттун эң алгачкы бүтүрүүчүсү болсо, апасы СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси Даркүл Күйүкова.

Ата- энесинен таасирленген Райма Абдубаечаева 7 жашында (1955-1967-ж.ж.) Кыргыз драм театрына кирип, жаш жеткинчектердин образдарын жарата баштаган. Ошол себептен аны театралдык амплуасын — “травести” (балдардын жана өспүрүмдөрдүн кыздардын да, балдардын да ролдорун, ошондой эле эркектин костюмун кийүүнү талап кылган ролдорду ойногон актриса деп аныкташкан.

Кийинчерээк балдардын ролу менен чектелбестен чал, кемпир, келин, энелердин образдарын аткарып келген.

Актрисалык менен чектелбестен 1967-1971-ж.ж. Москвадагы Мамлекеттик Маданият институттун режиссердук бөлүмүн аяктаган. 1972-1985-ж.ж. Ош драмтеатрында актриса,
1985-жылдан 2020-жылга чейин Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында эмгектенген.

1963-жылы Москва шаарында өткөн декадага Академиялык драма театры менен барып Б.Жакиевдин «Атанын тагдыры» спектаклинде -Жеңишбекти, Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолунда» -Жанболотту ойноп, күйөрмандардын арзуусуна айланган.

1978-ж. Москвага Ош облустук драмтеатрынын отчеттук гастролу менен барып Ч.Айтматовдун «Ак кеме» спектаклинде Нургазынын образын жаратып, мыкты аткаргандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ардак Грамотсы менен сыйланган. Ош облустук драма театрынын Москва шаарында өткөн отчеттук гастролунан кийин 1985-жылы XII Бүткүл дүйнөнүн театралдык фестивалында жана Тбилиси шаарында өткөн драма театрлардын фестивалында Ч.Айтматовдун «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» спектакли менен катышкан. Ошол фестивалдарда Кирисктин образын мыкты жараткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ардак Грамотасы менен сыйланган. Көп жылдык үзүрлүү эмгеги мамлекет тарабынан бааланып, 1995-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген ардак наам ыйгарылган.

Жарым кылым театрга арнаган өмүрүндө ар түрдүү образдарды жараткан: В.Шекспир «Гамлет» -Озрик, «Ричард III» -Принц Уелңский, М.Горңкий «На дне» -Анна, Т.Абдумомунов «Алдар көсөө» -Чатек (Чалдын образы), В.Шекспир «Антоний менен Клеопатра» -Ирада (Служанка), Н.Думбадзе «Кам санаба апаке» -Мзия ж.б.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости