www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы учурда сатылып жаткан МегаКом компаниясын темир жолду салууга пайдалансак. Колдогу нерсени арзан сатып анан Балыкчы - Кара-Кече темир жолун салуута 2,0 миллиард долларды жумшаган инвесторду издеп жатабыз. Темир жол салганга инвестор келбейт себеби темир жол салгандан тез пайда түшпөсү айкын болгондуктан инвестор 1 сом жумшап 10 сом тапкысы келет. Өкмөт ким бизге темир жолду курүп берет деп инвестиция күтүп турбастан темир жол курууну башташы керек. Темир жол каттамдарды көбөйтүп максималдуу пайдаланмайынча экономиканы көтөрүү мүмкүн эмес. Өлкөдө автоунаалардын саны өскөндүктөн жолдордо тыгындары көбөйүп жатат, дагы 5-10жылдан кийин транспорттук кризиске алып келери шексиз. Автоунаалардын чыгымдары жыл сайын миллиард доллардан ашып, авто кырсыктардан миңдеген адамдарыбыз өлүмгө учурап майып болуп

жатат. Ошондуктан жол коопсуздугу жогору болгон, автоунааларга караганда үч эсе арзан болгон темир жол каттамдарын өлкөнүн аймактарына жеткирүү үчүн тездеп темир жолдорду курууну колго алыш керек.

СУНУШ КЫЛАМЫН:

МегаКом компаниясын темир жолду куруу үчүн мага сатууңарды сунуш кыламын. МегаКом компаниясынын сатуу баасын кыска мөөнөттө Балыкчыдан Кочкорго чейинки темир жолду бир жылдык убакытта куруу менен төлөп беремин да, Кара-Кечеге чейинки темир жолду салууну улантамын.

МегаКом компаниясынан түшкөн каражат темир жол салуунүн биринчи булагы болуу менен дайыма темир жолдорду куруу үчүн жумшалууга тийиш. Ушуну менен катар эле каражаттын башка булактарын издеп таап Балыкчы Чолпон-Ата, Талас-Маймак багытында темир жолдорду салсак ошондо Ысык-Көлгө туристтердин келишин көбөйтөт жана Талас эли эки ашуу ашып авто унаа менен жүк ташыган, каттаган кыйноодон кутулат. Андан кийин өзүбүздүн жерибиз менен өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн кошо турган темир жолду салуу керек, Темир жолду салууга бюджеттен каражат жумшалбайт, кредит да албайбыз. Ал эми МегаКом компаниясы жөн эле акчага сатылып кетсе андан түшкөн каражат бат эле жоголот, бирок өз күчүбүз менен темир жолдорду салуу мүмкүнчүлүгүбүздөн ажырайбыз. Президент Сооронбай Шарипович өзүнүн шайлоо алдындагы сөзүндө чечкиндүү аракет жасагандан коркпош керек деген. Чечкиндүү аракеттер, мекенчилдик алдыга карай аракет жазоо жеңишке жеткирет.

Бишкек шаарынын тургуну

Исаев АБАСКАН

Т:0557082656

Булак: Багыт.kg

Последние новости