www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР президенти Садыр Жапаров Викрам Рузахунов тууралуу пикирин билдирип, кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.
Урматтуу Кыргызстандыктар!
Биз Казакстанда болуп жаткан окуялардан толук кабардарбыз.
Викрам Рузахунов тууралуу маалымат эртең менен социалдык түйүндөргө чыгары менен дароо министрликтерге тийиштүү тапшырмаларды бердим. Эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда иштер жүрүп жатат.
Казакстанда иштеп жүргөн биздин жарандарыбыз көп. Балким, алардын арасында митингке катышып калгандар да болушу мүмкүн. Эгер катыштыгы жок, жөн гана адилетсиз жоопко тартылып жаткан жарандарыбыз болсо, алардын ар бири үчүн катуу күрөшөбүз.
Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жыйынтыгын күтөлү, - дейт президент кайрылуусунда.
Булак: NazarNews.kg