www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн социалдык тармагы аркылуу казак бийлигине эскертүү берип, мамлекетине тынчтык каалады.
Урматтуу мекендештер! Казакстанда болуп өткөн баш аламандыктарга бир жактуу пропаганда аркылуу Кыргыз коомчулугун күнөөлөгө болгон аракетти жокко чыгаруу биздин милдет. Себеби чындыгында Кыргызстандан эч кандай атайын даярдыктагы адамдар коңшу мамлекетке өтүп, баш аламандык уюштурууга катышкан эмес. Мүмкүн кээ бир мекендештерибиз ар түрдүү жагдайларда аралашып калышы ыктымал, бирок эч кандай «террорист» болушу мүмкүн эмес!
Ошондуктан Жапайы Армандын сөзү, В.Рузахуновду сүйлөткөндөрү баары жасалма, жалган маалыматтар, дүйнөлүк коомчулук жана биздин боордош Казак элибиз билиши керек! Кыргыз эли Казакстан мамлекетине тынчтык, бакыбаттуулук жана биримдик каалайт! – деди Камчыбек Ташиев.
Эске сала кетсек, Казакстандын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу маалыматты Медербек Шерметалиев өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты. Видеодогу кармалган адамдын аты-жөнү Закир Убуров. Ал, 1990-жылы туулган. Биринчи видеодогу Денис Кораблев Викрам Рузахуновдун эң жакын досу. Ал менен байланыштык. Видеодо досу Викрам экенин тастыктап берди. Экинчи видеодогу Азиз Гапаров да казак күч органдары тараткан видеодо кесиптеши Викрам Рузахунов экенин тастыктады, деп кошумчалаган Шерметалиев.
Учурда эки мамлекеттин ТИМи жана ИИМи тарабынан Викрам Рузахыновдун кармалышынын жагдайларын аныктоо боюнча тийиштүү иштер жүрүүдө, - деп билдирди президенттин Басма сөз кызматынан Эрбол Султанбаев.
ИИМ, туугандарынын маалыматы боюнча кыргызстандык джаз музыканты Викрам Рузахунов Алматыга тез-тезден сапарга барып турган. Жакында ал концерттик программаны алып баруу үчүн Алматыга чакырылган. Алматыга баруу үчүн билет 2021-жылдын 16-декабрында сатылып алынган жана Алматы шаарына 2-январь күнү 20:00 до учуп кеткен.
Аэропортко аны энеси Кундузхан Розахунова менен анын небереси Бишкекте ИПАМ компаниясында программист болуп иштеген Аскат Сериков коштоп барган. Алардын Казахстан Республикасында эч кандай туугандары жоктугун маалымдап, Алматыга концерттик программаларды жана музыкалык фестивалдарга катышууга гана барып жүргөндүгүн билдиришкен.
Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, биздин өлкөгө чыгып жана кетип жаткан жарандардын баары Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан толук көзөмөлдөнүп жаткандыгын билдиребиз, деп билдирди ИИМ.
Эске сала кетсек, бир катар чет өлкөлүк ЖМК маалыматтарында Кыргызстандык джаз музыканты Викрам Рузахыновду Казакстанга митингге катышуу үчүн келген деген маалыматтар тарап, социалдык тармакта дүрбөлөңгө түшкөн.
Булак: NazarNews.kg