www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда нааразылык күчөп турган чакта Коопсуздук кеңешинин төрагалыгы биринчи президент Нурсултан Назарбаевден азыркы президент Касым-Жомарт Токаевге өттү. Коопсуздук кеңеши Назарбаевди кызматтан алган жок же аны кызматтан кетүүгө мажбурлаган жок. Тескерисинче Назарбаев башкарууну Токаевге өз ыктыяры менен тапшырган. Бул тууралуу президенттин мурдагы басма сөз катчысы Айдос Укибай билдирди.
«ММКларда жана социалдык тармактарда Биринчи Президентке карата жалган ушактар, чагымчыл кат алышуулар көбөйдү. Азыркы кырдаалда биз мындай аракеттерди саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана мамлекеттин конституциялык негиздерин бузуу аракети катары баалайбыз.
Мен жогоруда айткандай, президент бул күндөрү Нур-Султанда болуп, мамлекет башчысын колдоп келүүдө. Бирок кырдаал абдан оор болгондуктан, президент өзү Коопсуздук кеңешинин төрагасынын кызматын президентке өткөрүп берүүнү чечкен.
Президент менен Мамлекет башчысы ар дайым “баррикадалардын бир тарабында” болуп, өз элинин, өлкөсүнүн, улутунун келечегин коргоп келишкен. Ал эми баарыбыз үчүн оор күндөрдө алар дагы бир жолу монолиттүү мамлекеттин күчүн көрсөтүштү”, - деп жазган Укибай.
Эске сала кетсек, нааразылык күчөгөн маалда 5-январда Коопсуздук кеңешинин жетекчилиги Назарбаевден Токаевге өткөн. Ал арада Назарбаевдин Алматыдагы мурдагы резиденциясы өрттөлгөн. Айкелди Талдыкорганда талкалап салышкан. Митингге чыккандар «Чал, кет!» деп кыйкырып жатышты. Мындай кырдаалда Назарбаевдин кайда экени белгисиз болчу. Ал жана анын үй-бүлөсү көрүнгөн жок, басма сөз тармагы алар тууралуу “кыңк” деп койгон жок. ЖККУнун күчтөрү өлкөгө киргенде Назарбаев Нур-Султанда экени белгилүү болгон.