www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште Кайрылуу жасады. Кайрылуусунда президент бир топ аткаминерлердин жүрөгүнүн үшүн алды.

“Кыргызстанда саясый туруктуулук болуп,  жолдорду куруу  жана инфраструктуралык обьектилер курулууда. Мамлекетти өнүктүрүүдө алгылыктуу иштер жүрүп, таза шайлоолорду өткөрүүгө өзгөчө мани берилди. Инвестицияларды тартууда жакшы мыйзамдар жазылганы менен өлкөдөгү коррупциянын айнын көптөгөн инвесторлор чет өлкөгө кетип калды. Сот жана укук коргоо органдарына жарандардын нараазычылыгы күчөдү. Өлкөбүздө ИИМде реформалоо кечигип жатат. Элеттин кызыкчылыгын көтөрүү артта калды. Ар кандай көмүскө схмелар мамлекеттке зыянын тийгизди. Жарандарыбыздын илим – билимге муктаж”, - деди президент Сооронбай Жээнбеков.

Андан сырткары президент, “Адам укугун бузам дегендерге катуу чара колдонуш керек” – деген пикирин айтып, сотторду реформалоо керектигин айтты.

Ага кошумча президент Жээнбеков,  ар кандай шылтоолорду айткандарга талап каттуу болот. Өкмөт зарыл болгон каражатты бөлүшү керек. Соттор жаңы шартта иштөө керек. Милиция кызматкерлери жаңы тартипте иштей тургандыгын, коомчулук колдон келсе баардык көмөгүн көрсөтүү керектигин айтты.

Президент Жээнбеков, “өлкөдөгү баардык бийлик бутактарына тийиштүү  чара көрүүнү эскертип, эл бийликтин өзгөрүүсүн өз көзү менен көрүшү керек. Бийлик бутактары мыйзамдарды өздөрү бузбашы зарыл, мамлекеттик казынага кол салгандар сөзсүз жазага тартылат. Андан тышкары мамлекеттик кызматкерлердин айлыктары этап-этабы менен көтөрүлө тургандыгын айтып, мамлекет мыкты адистерге муктаж, тааныш-билиш деген жолдорду жоюу керектигин билдирди. Биз кадр маселесине өтө кылдаттык менен мамиле кылуу зарыл, кадр маселесине келгенде аксап атабыз”, - деди.

Аны менен бирге эле президент, сотторго жана күч структурасына бир нече жолу эске салды. Сооронбай Жээнбеков, тигини бошотуп койсоңуз деп сурангандар болуп атат. Болбосо өздөрү чечим чыгарып, Кайрылуу жазып жатышат. Ким мамлекетке зыян келтирсе, ал жазасын тартыш керек. Бизнесмен өз эмгегеи менен мактанып жүрсүн бюджеттен жүргөндөр арабыздан жок болушу абзелдигин айтты.

Андан сырткары президент Сооронбай Жээнбеков, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлогон баардык тармактарды зарыл экендигин баса белгилеп, инвесторлорго сот системасынын жана текшерүүчү органдар жазалоочу эмес, жардам берүүчү органдарга көзөмөл кылынышы жана ар бир мектептерде интернет түйүнүн кошуу зарылдыгын айтты. Ошондой эле президент ички жана тышкы саясатка токтолуп, эл аралык мамилени өнүктүрүү зарылдыгына токтолду.

Ошондой эле президент, ЖК депуттардын бүгүнкү айтылган сөздөрдү ишке ашырып чогу иштейли. Биринчи сентябрдан аман-эсен жолугалы деп кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости