www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз мамлекети эгемендүүлүк алганына чейрек кылымдан ашкан убакыт болсо да Элибиз татыктуу Журт Атасына жарыбаганына тарыхыбыз күбө...!
Миң жылда бир туулчу Манас атабыздай кол башчы, Бакай бабабыздай акылман-насаатчы (идеолог)- Журт Атасы Эл арасынан бийлик башына келе албады...!
Эгемендүү мамлекетибизге Ажо болгондор биринин катасын бири кайталап Кыргыз журтун жакырчылыкка батырып, мамлекетибизди экономикалык көзкарандылыкка (экспансияга) тушуктуруп, Элдин алдында жооп берүүнүн ордуна “сайраң” куруп, “жашоо” өткөзүүдө...?! Экономикалык көзкарандылыктын айынан, эл аралык мамиледе тең ата сүйлөшө албай, саясий дипломатия олуттуу аксап, сырттан таңууланган идеологияга кыңк этпей баш ийип, улуттук идеология кийинки планга калып, Элдин кызыкчылыгы тебеленип калганын өкүнүч менен факты катары моюнга алууга мажбурбуз. Демократия деген ураанга жамынып алышып, Элге бурмалап жеткизип, “инвестор” деген сөөрөй-шылуундарга жерибизди, кен байлыктарыбызды текейден арзан сатышып, “жаман уй жайытын бир күндө түгөтөт” болуп, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын чечуү менен алек болгондоруна күбөбүз! Кен байлыктарыбыз казылып жатса да мамлекеттин капчыгы (бюджети) бөксөрүп, тышкы карызыбыз жылдан жылга “геометриялык прогрессия” менен өсүп, бизге булганган экология, “көлгө” айланган уу калдыктар калып жатат...! “Банан мамлекеттери” делген африка өлкөлөрүндө да кен байлыктар казылат, бирок келишимдер акыйкаттык менен, эл аралык нормаларга ылайыкталып, улуттун кызыкчылыгы биринчи орунга коюларын ММКлардан билебиз. Кыргыз Элинин кулагына “кесме” илип кетишкен Ажолор Элибиздин кусурунан кантип кутулар экен...?! Атамбаевдин бийлик системасы Элге “коррупцияга каршы күрөш” байрагын карматып коюп, өздөрү эмне менен алек болгонун санап берүүнүн кажети жок. Кыргыз тарыхында алар “Алтын доор” баяны болуп калуусунда күмөн жок...?!
Улуттук идеологиябызга деңгээлдүү көңүл бурулбай, түрктөштүрүү, кытайлаштыруу, арабдаштыруу идеологиясы таңууланып, Кыргыз Эли келечекте өз мекенинде азчылыкты түзгөн улут болуп калуу коркунучу жаралууда...
Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Сизге Ажолук Жараткандан буюруп, бирок оор тарыхый миссия моюнуңузга жүктөлүп турган учур. Мамлекетибизди ушул саясий- экономикалык “руинадан” алып чыгууга Сизге күчтүү таза кадрлар (команда) жана Элибиздин азыркыдай ишеничи, колдоосу керек. Азыркы жүргүзүп жаткан саясатыңызды Эл колдоп жатканы көрүнүп турат жана баштаган иш-аракеттериңизди (реформаларды) аягына татыктуу чыгарат деп, ишенет. Сөзүңүз менен ишиңиздин айкалып кетишин Эл тилеп турат. “Балп” этмейлерден өйдө болуу сапатыңызга Эл ыраазы. Эски оору, түндүк- түштүк маселесин козгоп, чагымчылдык интрига (дестабилизация) кылабыз дегендерге чечкиндүү чара көрүүңүзгө ишенет.“Эки тизгин- бир чылбырды” бек кармоого Жараткан колдоо көрсөтсүн! Мамлекетибизди кризистен чыгарууга учурунда Жогорку Кеңештин экс-спикери Акмат Келдибеков айткандай ички материалдык ресурстар жетиштүү, туура пайдалануу гана кажет. Сизге улуу инсандар Ата-Түрк, Мао-Цзедун, өзүбүздүн залкар Исхак Разаков сыяктуу Кыргыз тарыхында алтын тамга менен жазылып калуу мүмкүнчүлугү берилип турат...!
А К Ы Й К А Т
1. Элим деген Манастай башчысы жок,
Кайран Кыргыз карайлап кургап турган.
Жол көрсөтчу Бакайдай жакшысы жок,
Кайран Кыргыз Ажого суусап турган.
2. Мурункунун кайталап, таптап жолун,
Улайм деген АША быз Кыргыз көчүн.
Ууру чипке көчүрүп паспортторун,
Алып берди “кангайдын” Элден өчүн.
3. Далай кыргыз шайлоодо ар- сар болуп,
Шакиртиби Алмаздын деген эле.
Башыңызга Ажолук бакыт конуп,
Эл ишенип мүмкүндүк берген эле.
4. Эл үмүтүн эми Сиз өчүрбөңүз,
Убакытка уттуруп алдырбаңыз.
Ишенимди бекерге өлтүрбөңүз,
Коррупционер жегичти алкымдаңыз.
5. Үзөңгү- Кууш, Каркыра четке кетип,
Кабыргабыз кайышып али жүрөт.
Экстерди абакка соттоп- кесип,
Кыргыз көчүн түздөйт деп Сизден күтөт.
6. Байыганды, уурдашып Элибизди,
Байлыктарын ортого тарттырыңыз.
Кытайларга алдырбай жерибизди,
Карыздарын кустуруп жаптырыңыз.
7. Өз жайытын жаман уй түгөткөндөй,
Кен байлыктар уурдалып таланбасын.
Кыргыз тентип, кул болуп күн өткөрбөй,
Элим деген жигиттер камалбасын.
8. Топ жигиттер “АКЫЙКАТ” кыймыл менен,
Акыйкатты биз издеп келатабыз.
Кыргыз үчүн кыйналып Элим деген,
Жигиттерге ар- дайым бел- аркабыз!
9. Элдик Ажо, туу туткан Акыйкатты,
Эл башына келди деп кубанабыз.
Эл ичинде акыйкат кебин айтчу,
Бул кыймылды кабыл алыңыз, суранабыз!
“Акыйкат” кыймылынын төрагасы: А. Анарбаев (Умар) жана башкалар
Булак: NazarNews.kg