www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев 2022-жылдын 27-январында кыргыз-тажик чек ара тилкесинде орун алган окуяга байланыштуу Кайрылуу жасады.

Урматтуу мекендештер!

Баарыңыздар күбө болгондой 2022-жылдын 27-январь күнү кыргыз -тажик чек арасында дагы бир окуя болуп өттү.

Албетте, биз чек арада тынчтыкты көздөп, стабилдүүлүктү сактап калууга болгон күч аракетти жасадык.

Окуя катталган күнү кырдаалды өзүм баш болуп көзөмөлгө алып, ошол эле түнү эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, ок атышууну өз убагында токтотуп калууга жетиштик.

Андан соң КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өзү Баткенге келип, Тажик Республикасынын тиешелүү жетекчилери менен биргеликте эки ирет сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Ал эми окуя орун алган аймактагы жашоочулар, облустук ыкчам штабдын аракети менен коопсуз жайга чыгарылды.

Кудайга шүгүр, окуядан эч кандай жоготуу болбоду.Бирок ок атышуу болгондуктан жеңил жараат алган жарандарыбыз жана айрым материалдык чыгымдар катталды.

Учурда жараат алган жоокерлер Баткен облустук биргелешкен ооруканасында дарыланып жатышат.Алардын абалдары жакшы.Буюрса жакында ооруканадан чыгышат.Ал эми келтирилген зыяндар боюнча Баткен районунан комиссия түзүлүп, иш алып барып жатышат.

Ошондой эле коопсуз жайга көчүрүлгөн жарандар этабы менен үйлөрүнө жөнөтүлүүдө.

Баткен облусунун чек ара аймактарында учурда кырдаал туруктуу.Эки тараптын тиешелүү күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, көзөмөлдөшүүдө.

Учурдан пайдаланып, чек арага жакын жашаган айылдын эр жигит азаматтарына жана элдин коопсуздугуна жардам көрсөткөн биздин күч структура кызматкерлерине ыраазычылыгымды айтып кетемин.

Ошондой эле “Баткенге жардам беребиз” деп демилге көтөрүп жаткан жаштарыбызга, мекенчил жарандарыбызга ыраазычылык билдиремин.

Биз жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрү ар дайым сиздер менен биргебиз. Мекенибизде тынчтык, өлкөбүздө өнүгүү болсун!, - деп билдирүү жасаган КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости