www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн экс-президенти Нурсултан Назарбаев менен өлкөдөгү январь окуясынан кийин ага жеке артыкчылык берүү тууралуу сүйлөшпөгөнүн билдирди.

Ишембиде «Хабар 24» мамлекеттик телеканалы мамлекет башчынын январь окуяларынын себептери жана кесепеттери, мындан аркы саясий жана социалдык реформалар, ошондой эле тышкы саясаттагы негизги өнөктөштөр менен болгон мамилеси тууралуу маегин тартуулады.

«Жок, албетте, соодалашуу болгон жок, жеке артыкчылыктар боюнча да (Назарбаев менен – ред.) сүйлөшүү болгон жок. Бир гана нерсе, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын макамы боюнча маселени тез арада чечүү керек эле. Албетте, абал курчуп кеткенде мен жашырбайм, мен эми элге кайрылам жана мындан ары мен Коопсуздук кеңешинин төрагасы экенимди жарыя кылышым керек деген суроону койдум. Бул маселе жөн эле чечилди», - деди Токаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости