www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, Ардагерлер кеңеши жана өздүк курамы генерал-майор Бошкоев Жоомарт Тербишалиевичтин 2025-жылдын 18-декабрында мезгилсиз дүйнө салгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Жоомарт Тербишалиевич 1949-жылдын 19-ноябрында Талас облусунун Талас шаарында туулган. 1970-жылы В.И. Ленин атындагы жогорку аскердик командалык окуу жайын аяктаган.
Ал 1981–1998-жылдары Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарында кызмат өтөп, ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган. Анын кесиптик ишмердүүлүгүнүн басымдуу бөлүгү Мамлекеттик күзөт кызматын жетектөө менен байланышкан.
Мамлекеттик күзөт башкармалыгынын (кийин — УКМК/МКК) жетекчиси катары Жоомарт Бошкоев өлкөнүн алгачкы жетекчилеринин жана стратегиялык маанидеги объектилердин коопсуздугун камсыз кылуунун заманбап системасын түптөөдө олуттуу салым кошкон.
Ардактуу эс алууга чыккандан кийин да коомдук ишмердүүлүгүн улантып, «Мамлекеттик күзөт ардагерлеринин кеңеши» коомдук бирикмесин жетектеген. Ал күч түзүмдөрүнүн ардагерлерин колдоого, ошондой эле жаш офицерлерди кесипкөйлүккө, ар-намыска жана антка берилгендикке тарбиялоого өзгөчө маани берген.
Мамлекетке сиңирген өзгөчө эмгеги, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн генерал-майор Жоомарт Бошкоев мамлекеттик сыйлыктар, ведомстволук медалдар жана ардак грамоталар менен сыйланган. Анын ысымы көз карандысыз Кыргызстандын коопсуздук органдарынын тарыхында түбөлүккө сакталат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги жана өздүк курамы маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына дагы бир ирет терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жоомарт Тербишалиевич Бошкоевдин жаркын элеси кесиптештеринин, досторунун жана шакирттеринин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.
Маркум менен коштошуу зыйнаты төмөнкү даректе өтөт:
Бишкек шаары, А. Токомбаев көчөсү, 27-үй, 23-батир.