www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР УКМКнын дарегине «Альянс Курулуш Плюс» ЖЧКсына таандык, Бишкектин 3-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн үлүштүк курулушунун катышуучулары (үлүшчүлөр), турак жайдын курулушуна активдүү тоскоолдук жасап, имараттагы коммерциялык мүлктү рейдерлик жол аркылуу басып алган «МБЭ Групп» компаниясынын ээси «М.Б.Э.»ге жана ага тиешелүү болгон тараптарга (аффилирленген адамдар) карата чара көрүү өтүнүчү менен жамааттык арыз жазып кайрылышкан.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында аныкталган маалыматтар боюнча, 2016-жылы «М.Б.Э.» менен «Альянс Курулуш Плюс» ЖЧК компаниясынын өкүлү катары Казакстан Республикасынын жараны «А.М.»дин ортосунда Бишкек шаарынын 3-кичи районунда социалдык, маданий жана тиричилик объектилери бар турак жай имаратын куруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө келишим түзүлгөн. Бирок, 2018-жылы өз ара пикир келишпестиктердин келип чыгуусунан улам, «М.Б.Э.» маркум К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн жардамы аркылуу, курулуш компаниясынын жетекчилигинен коркутуу жолу менен аталган объектидеги коммерциялык жайды тартып алып, өзүнүн жакын тууганына каттаткан. Андан тышкары, «М.Б.Э.» үлүшчүлөр тарабынан курулуш иштери аяктагандан кийин, курулушка каржылык жана башка каражаттарды салбастан туруп, айрым турак үйлөрдү өзүнүн адамдарынын пайдасына өткөрүп берүү жөнүндө талаптарды мыйзамсыз коюп, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу аркылуу, башка үлүшчүлөрдүн мыйзамдуу укуктарын тебелеп, үйдүн курулушун аяктоо иштерине тоскоолдук жараткан.
2025-жылдын 23-декабрында, аталган факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында «МБЭ Групп» компаниясынын башкы директору «Ш.Б.Г.» кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, компаниянын негиздөөчүсү «М.Б.Э.»ге карата издөө жарыяланды.
Кылмыш иши боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар уланууда.