www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Украинага болгон колдоосу жаңы баскычка өтүп, мурдагыдай миллиарддаган жардам доору аяктап баратканы айкын болууда. Американын коргонуу бюджети боюнча акыркы документтер Киев үчүн жагымсыз сигнал берди. Себеби 2026-жылы Украина АКШдан 2022-жылдан берки берилген жардамдардан эң аз аскердик жардам алат.
Маалыматтарга ылайык, USAI программасынын алкагында Украинага болгону 400 миллион доллар бөлүнмөкчү. Ушундай эле сумма 2027-жылга да каралган. Бул мурдагы жылдардагы ондогон миллиард долларлык пакеттер менен салыштырганда кескин кыскартуу болуп саналат. Маселен, былтыр апрелде Конгресс кабыл алган жардам пакети эле 14 миллиард долларга жеткен.
Буга дейре АКШ Украинага жалпысынан 2022-жылдан бери 128 миллиард долларга жакын каражат бөлгөн. Анын негизги бөлүгү аскердик жардамга, калганы бюджеттик колдоого жана гуманитардык муктаждыктарга жумшалган. Ал эми Конгресс бекиткен жалпы суммалар 187 миллиард доллардан ашат.
Ал эми жаңырган жылдан тартып АКШ жардамды кескин кыскартуу чечимин кабыл алган. Демек, миллиарддарга негизделген колдоо саясаты акырындап саясий эсепке жана стратегиялык соодалашууга орун бошотуп жатканы байкалат.