www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР УКМК мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө Бишкек шаарынын Каракөл көчөсүндөгү (Ботаникалык сейил багына жакын аймакта) жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Тактап айтканда, 1996-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен "Кайнар" ЖАКга Ботаникалык бакты кеңейтүү иштери башталганга чейин өндүрүштүк база үчүн 64 сотых жер тилкеси пайдаланууга берилген.

Андан кийин, 2012-жылы "Кайнар"  ЖАКтын жетекчилери тарабынан  коррупциялык байланыштар колдонулуп, муниципалдык органдардын кызмат адамдарынын тымызын көмөгү менен жер тилкесине жеке менчик укугу мыйзамсыз катталып, кийин курулуш компаниясына 1 млн 400 миң АКШ долларына сатылган.

Учурда аталган аймакка  "О2 Эко комплекс" турак-жай комплекси курулуп жатат.

УКМК жүргүзгөн иштин жыйынтыгы боюнча "Кайнар" ЖАКтын жетекчиси Ш.Т. А. мыйзамсыз сатылган мүлктүн ордун толтуруу эсебине курулуп жаткан турак жай комплексиндеги аянты 373,63 чарчы метр коммерциялык жайды мамлекеттин балансына өткөрүп берди, ошондой эле келтирилген зыяндын калган бөлүгүн төлөп берүүгө милдеттендирилди.

КР УКМК Бишкек шаарындагы жер тилкелериндеги мыйзамсыз аракеттерди аныктоо боюнча иштерди улантууда.

Последние новости