www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп Россия Украинанын аймагында ок атышууну токтотуу боюнча сунушту кабыл алат деп үмүттөнүп, бул басымсыз ишке ашарына ишенет. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
"Бул үчүн басымдын кереги жок деп үмүттөнөм. Биз муну Россия менен сүйлөшүү аркылуу чече алабыз", — деп жооп берди Трамп журналисттердин Москвага таасир этүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу суроосуна.
Анын айтымында, АКШнын Россияга карата каржылык басым көрсөтүү рычагдары бар. Бирок мындай чараларды колдонуу Украинанын аймагында тынчтык орнотуу максатына каршы келерин белгиледи.
"Каржылык жактан биз Россия үчүн өтө оор жана кыйратуучу нерселерди жасай алабыз. Бирок мен муну каалабайм, анткени мен тынчтыкты көргүм келет", — деди Трамп Ак үйдөгү маалымат жыйынында.
Ал Москвадан оң жооп күтүп жатканын баса белгилеп, АКШнын өкүлдөрү буга чейин эле сүйлөшүүлөр үчүн Россияга жөнөп кеткенин билдирди.
Буга чейин Трамп ушул жумада Владимир Путин менен сүйлөшүүнү пландап жатканын жарыялаган. Ал ошондой эле, эгерде Россия ок атышууну токтотууга макул болсо, бул украин жаңжалын 75% га чечүүгө жардам берерин белгилеген.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва азырынча сунушталган тынчтык келишими боюнча алдын ала жыйынтык чыгарууга шашылбай турганын билдирди. Ошондой эле ал Россия менен АКШ жакынкы күндөрү жолугушууларды өткөрүп, анда Москва Джиддедеги жыйын тууралуу кеңири маалымат алууга үмүттөнүп жатканын кошумчалады.
Шейшемби күнү Сауд Аравиясында Украина менен АКШнын делегациялары жолугушту. Украина президентинин кеңсеси сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү жасап, анда Киев Вашингтондун 30 күндүк ок атышууну токтотуу сунушун кабыл алууга даяр экенин жарыялады. Эгер тараптар макулдашса, бул мөөнөт узартылышы мүмкүн. Ошондой эле документте Ак үй чалгын маалыматтарын алмашуудагы убактылуу токтотууну жойуп, аскердик жардам көрсөтүүнү кайра жандандырары айтылган.