www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Красноярск крайында жалгыз жүргөн аялдарды уурдап, аларды сойкулукка мажбурлаган кылмыштуу топтун уюштуруучусу жана мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу аймактык Тергөөнү башкаруу комитети билдирди.
"Красноярск крайынын 17 жашоочусуна карата кылмыш иши козголду: 12 эркек жана 5 аял, жаш курагы 17ден 38 жашка чейин. Алар кылмыш тобун уюштуруу жана ага катышуу беренелери боюнча айыпталууда", – деп айтылат расмий билдирүүдө.
Тергөө версиясы боюнча, 2018-жылы Красноярск крайынын 36 жаштагы тургуну бул кылмыштуу топту түзгөн. Анын негизги ишмердүүлүгү аялдарды, анын ичинде жашы жете элек кыздарды сойкулукка мажбурлоо болгон. Банда Красноярск крайы жана Новосибирск облусунун аймагында жетти жыл бою иш жүргүзүп, жогорку деңгээлде уюшкандыгы менен айырмаланган.
Топтун жаңы мүчөлөрүн тандоо 2018-жылдын декабрынан 2020-жылдын июнуна чейин уланган. Топтун уюштуруучусу өзүнүн туугандарын, тааныштарын жана чет элдиктерди алдап, аларга жогорку киреше убадалап, кылмыштуу ишке тарткан. Жалпысынан бул топко 40ка жакын адам мүчө болгон.