www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина менен чектеш аймактарда 100 миң аскерин топтогон Москва Киев менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү үчүн Франциянын баш калаасы Парижде расмий өкүлдөр менен жолугушууну пландаштырууда. Бул тууралуу Al Jazeera телеканалы Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулебага шилтеме берүү менен билдирди.

Украина менен Орусиянын расмий өкүлдөрүнүн жолугушуусуна Германия менен Франциянын жогорку даражалуу дипломатиялык өкүлдөрү да катышары белгиленген.

Тараптар 2015-жылы кабыл алынган Минск тынчтык келишиминде белгиленген принциптерди ишке ашырууну талкуулашары күтүлүүдө. Келишимдин талаптары аткарылса, тараптар Украина чек арасындагы чыңалган кырдаалга чекит коюшу керек.

Орусиянын Украинага агрессиясынын күчөшүнүн фонунда АКШ жана Батыш Москваны болуп көрбөгөндөй санкциялар менен эскертип, Кремлди сүйлөшүү жолун тандап алганы айтылууда.

АКШ менен Батыштын санкциялары Москваны эле эмес, президент Путинди да бутага алат деп күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, Орусия аскердик операцияларын улантып жаткандыктан, НАТО жана АКШ да Москвага практикалык жооп кайтаруу аракетин көрүүдө.

Атап айтканда, Улуу Британия Украинага курал-жарак жана аскердик техника жеткирилгенин билдирди. Пентагон Украинага жөнөтүү үчүн 8500 аскерди жогорку деңгээлдеги аскердик мобилизациялоодо кармап турганын билдирди.

Согуштук аракеттерге кийлигишпөөнү тандап алган Германия Украинага 5 миң каска жана медициналык жабдууларды жөнөтөрүн жар салды.

Кечээ, 26-январда Литванын Коргоо министрлиги АКШнын F-15 ылдам учуучу учактары Эстониянын аскерий аба базасына келип түшкөнүн айтты.

Даниянын Коргоо министрлиги бүгүн, 27-январда Литванын Шауляй аскердик аба базасына 4 F-16 ылдам учуучу учагы жайгаштырыла турганын кабарлады.

Бир нече күн мурун АКШнын президенти Жозеф Байден Орусия президенти Путинге Украинага каршы ар кандай агрессиядан кийин "ойго келбеген" санкцияларды убада кылган.

Бехруз Саидов, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости