www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл Орусиянын Тажикстандагы 201-аскердик базасына 70тен ашык жаңы аскердик техника жеткирилет. Бул тууралуу Орусиянын Борбордук аскер округунун командачысы Александр Лапин билдирди.

Анын айтымында, ушундай эле аскердик жардам Орусиянын Кыргызстандагы базасына да берилет. Азырынча коңшу эки өлкөгө аскердик техниканын жеткирилиши боюнча кеңири маалымат жок.

2021-жылы августта Ооганстанда бийликке талибдер келгенден кийин Тажикстандагы орусиялык базага көптөгөн курал-жарак берилген. Алсак, өткөн жылдын ноябрь жана декабрь айларында 201-базага Т-72Б3М үлгүсүндөгү модернизацияланган 30 танк, АК-12 автоматтары, Ярыгин тапанчалары, ири калибрдеги АСВК-М снайпер мылтыктары жана "Шмель" пулемету жеткирилген.

Мындан тышкары, өткөн жылы Тажикстанда Орусия баштаган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун бир нече аскердик машыгуусу да өткөн.

Тажикстандагы 201-база – Орусиянын чет өлкөдөгү эң ири аскердик объектилеринин бири. Ал Душанбе менен Бохтар шаарында жайгашкан. Базада 7 миң жоокер жана офицер бар.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости