www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети айрым адамдардын жеке жашоосуна байланышкан материалдардын интернетте тарашына УКМКнын тиешеси бар деген билдирүүлөргө жооп берди.
«УКМК улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча комплекстүү иш-чараларды Конституциянын жана өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жүзөгө ашырат.
Атайын кызматтын кызматкерлери коомубуздун туруктуулугун жана бүтүндүгүн сактоого, ошондой эле, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин камсыз кылууга бардык күч-аракетин жумшоодо.
Журналист Б.Темиров менен акын Б.Назаровдун кармалышы жана коомчулукта кызуу талкууланып жаткан алардын жеке видеолорнун тарашына УКМКнын эч кандай тиешеси жок экенин белгилейбиз.
Кээ бир кызыкдар жактар атайын кызматты далилсиз күнөөлөп, «катуу сөздөр менен эпитеттерди» айтып, ошону менен коомчулукту күч органдарына каршы кылып жатканы таң калтырат.
УКМК коомчулукту эмоцияга, ар кандай провокацияларга алдырбоого, кандайдыр бир суроолор жаралса, билдирүүлөрү жана жалган жалаалары менен Кыргызстандын коомчулугун адаштырбай, белгиленген тартипте мекемеге кайрылууга чакырат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет коомчулук өз пикирин бурмалоого жол бербейт деп ишенет», - деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.
Булак: NazarNews.kg