www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москвада Чеченстандын бийлиги эгер ээсиз кала турган болсо, туруктуулукту сактап калуу үчүн кандай аракеттер көрүлүшү керектигине байланыштуу сценарийлер алдын ала иштелип чыгып жатканын Кремлге жакын булактар тарабынан каңкуулана баштады. Бул теманын күн тартибине чыгышына Рамзан Кадыровдун саламаттыгы тууралуу улам-улам чыккан кооптуу маалыматтар жана анын уулу Адам Кадыровдун жол кырсыгына кабылышы түрткү берди. Аймактагы кырдаал жабык эшик артында “өтө оор” деп мүнөздөлүп келет.
Чеченстанда болуп жаткан процесстер коомчулуктан дээрлик толук жашыруун өңүттө жүрүп жатканы айтылууда. Маалымат таратууга аракет кылгандарга кысым көрсөтүлүп, аймакта коркуу атмосферасы күчөгөндүктөн, бул көрүнүш Кремлдин тынчсыздануусун арттырып, “Кадыровдон кийинки доорго” даярдык көрүүгө мажбур кылууда.
Москва үчүн эң негизги приоритет туруктуулукту сактоо жана Чеченстандагы башкаруунун көзөмөлдөн чыгып кетишине жол бербөө. Ошондуктан Кремль бир нече вариантты талдап жатат.
Биринчи сценарий – убактылуу башкаруучуну дайындоо. Бул “тактыны сактап туруучу” фигура Кадыровдор үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын коргоп, ошол эле учурда федералдык борборго берилген бойдон калмак. Мындай чечим Рамзан Кадыровдун баласы Адам Кадыров 30 жашка жеткенге чейин өткөөл механизм катары каралууда.
Экинчи вариант – Кадыровго эң берилген жана таасирдүү фигураны жетекчиликке алып келүү. Бул контекстте Мамлекеттик думанын депутаты Адам Делимханов менен Чеченстандын өкмөт башчысы Магомед Даудовдун ысымдары көп аталууда. Экөө тең күч түзүмдөрү менен тыгыз байланышта жана Кадыров системасынын ичинде олуттуу салмакка ээ.
Бирок дал ушул экинчи сценарий эң чоң тобокелчиликти камтыйт. Булактардын айтымында, Делимханов менен Даудовдун ортосунда бийлик үчүн жашыруун атаандаштык күчөп баратат. Бул тиреш ачык формага өтө турган болсо, Чеченстандагы ички тең салмак бузулуп, коопсуздук маселеси курчушу мүмкүн.
Чеченстандагы мүмкүн болуучу бийлик боштугу Кремль үчүн регионалдык гана эмес, федералдык масштабдагы саясий сыноо болуп саналат. Ошондуктан Чеченстандагы ар кандай туруксуздук Кремлдин жалпы вертикалына шек келтириши мүмкүн. Дал ушул себептен Москва алдын ала, тымызын, бирок кылдат даярдык көрүп жатат.
Бул процесс азырынча жабык эшик артында жүрүп жатканы менен, анын жыйынтыгы Түндүк Кавказдын гана эмес, бүтүндөй Россиянын саясий ландшафтына таасир этери шексиз.