www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте Украина аймактар маселесинде мунасага келиши зарылдыгын айтты.
- Аймак боюнча кайсы деңгээлде компромисске бара аларын аныкташ үчүн аларга, эң башкысы, Россиянын мындан ары Украинаны кайрадан басып кирүүгө аракет кылбай турганына кепилдик болушу керек, - деди Рютте.
НАТО жетекчиси, мындан сырткары, Европа Украинаны зарыл болгон көлөмдө курал менен жабдууга жөндөмдүү эместигин, ал эми Киев АКШнын бул жааттагы жардамысыз кармаша албастыгын кошумчалаган. Азыр Украинага эң тез жана көп жардамды АКШ бере аларын, Европа жалгыз өзү жетишпей жатканын дагы бир ирет баса белгилеген.
Эске салсак, Владимир Зеленский Украинанын Куралдуу күчтөрү Донбасстан чыгарылбай турганын айтып келет.
Ал эми РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков 23-январда украин аскерлери Донбассты таштап чыгып кетиши керектигин, бул орус тараптын негизги шарты экенин белгилеген.