www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын санкцияларына кабылган эндокринолог Мария Воронцова менен илимий менеджер Катерина Тихонова президент Владимир Путиндин кыздары экенин Кремль расмий түрдө биринчи жолу моюнуна алды.

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттер менен болгон маегинде Кремль Путиндин кыздарына салынган санкцияга сөзсүз жооп кайтараарын айтты. Ал мындай жооп Москва "кандай зарыл деп эсептесе, ошондой" тартипте болоорун эскертти. Буга чейин Путин Воронцова менен Тихонова кыздары экенин ырастаган да, четке каккан да эмес.

Украинанын Буча шаарчасында жүздөгөн жайкын тургун орус аскерий күчтөрүнүн колунан өлгөнү маалым болгондон кийин Батыш өлкөлөрү Орусияга жаңы санкцияларды жарыялап жатат. 6-апрелде АКШ 37 жаштагы Мария Воронцова менен 35 жаштагы Екатерина Тихонованы "кара тизмеге" киргизген. Ошондой эле, Вашингтондун соңку чечими менен Орусиянын эң чоң банктары болуп саналган "Сбербанк" жана "Альфа-банкка" да санкция салынган. Москва Бучадагы кыргынга байланыштуу дооматтарды четке кагып келет.

Путиндин кыздары жана мурдагы жубайы Людмила узак жылдардан бери коомчулуктун назарына илинбейт. Воронцова - саламаттык сактоо тармагына инвестиция салган компаниянын кожоюндарынын бири. Тихонова 2010-жылы көпчүлүккө акробатикалык рок-н-ролл менен алектенген бийчи жана спортчу катары таанылган. Ал кийинчерээк Москва мамлекеттик университетинде илимий-изилдөө борборун курууну көздөгөн, орус өкмөтү колдогон "Иннопрактика" фондун жетектеп калган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости