www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маркум Жириновский коронавирустан өлө корккондуктан жети ирет вакцина сайдырып, андан да ооруканага жатканы менен алар өлүмдөн сактап кала албады. СССРдин убагында бийликке акаарат айткандар же чет мамлекетке диссидент болуп кетишчү, болбосо жиндиканага алып барып тыгып коюшчу. Кайра куруу доору келген соң кээ бирөө оозуна алы келбей Батыштын берген акчасына СССРди жок кылуу үчүн тантый башташты. Айрыкча Балтика боюндагы мамлекеттер, Грузия, Молдова, Украина. СССРден Борбор Азия сыяктуу арам тамак ичкендерди бөлүп салыш керек деп Орусиядан апасы орус, атасы «физик» Жириновский көп кайталап жүрдү. Эмне үчүн Жириновский атасын «физик» деген, себеби еврейлерди орустар жаман көрүп турган убак эле. Ушунун бары мээсине сиңген Борис Ельцин 1991-жылдын декабрында Кравчук, Шушкевич менен стакан кагышып отуруп СССРдин түбүнө жетишкен. Мына эми ар бир метр жерди Украинада кан менен бириктире албай отурушат. Ал эми Жириновский арам тамактар деп эсептеген Борбор Азия мамлекеттери Орусиянын таянган тоосу болуп калды.

Былтыркы бир окуя эске түшөт. Кыргыз кыргызды урса сөз да болмок эмес, кыргыз орусту уруп ушундай билдирүүлөрдөн соң Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Мамлекеттик Думанын депутаты, ЛДПР фракциясынын жетекчиси Владимир Жириновский менен жолуккан. Эске салсак, 2021-жылы 10-августта Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин имаратынын жанында Владимир Жириновский башында турган ЛДПР мүчөлөрүнүн митинги болгон. Мындан улам кыргыз элчилиги аларды жолугушууга чакырган. Тараптар жакында эле Бишкекте балдардын оюн-зоок борборундагы сатуучу кызды калькулятор менен чаап жиберген кишинин окуясын талкуулашкан.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат мындай көрүнүштөр жана провокациялар кайсы өлкөдө болбосун кезигерин, бул учур күнүмдүк деңгээлдеги окуя катары караларын, ал боюнча өлкөнүн компетенттүү органдары тийиштүү иштерди аткарып жаткандыгын белгилеген. Тараптар мындай кырдаалды эки тараптуу мамилелерди туруксуздаштырууга кызыкдар адамдар колдонушу мүмкүн деген орток пикирге келишкен.

Гүлнара-Клара Самат орус тили Кыргызстанда расмий тил болуп санала турганын айтып, ал Кыргызстан элдеринин бардык улуттарынын ортосундагы баарлашуу жана КМШ өлкөлөрүнүн маданий тили катары кызмат кыларын белгилеген. Элчи 19-августта Чолпон-Атада "ЕАЭБдеги бизнес-өнөктөштүктүн жаңы чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү" аттуу III кыргыз-орус бизнес-форумун өткөрүү пландалып жатканын билдирген. Жириновский аталган иш-чарага катышууга кызыкдар экенин айтып, ЛДПР өкүлдөрүнө туризм, мал чарба жана агрардык сектор чөйрөсүндөгү бизнес-коомчулук менен жолугушууларды өткөрүү үчүн Кыргызстанга барып келүүнү сунуштаган. Ошондой эле ал Борбор Азия өлкөлөрү менен Орусиянын ортосундагы маданий байланышты өнүктүрүү үчүн Чыңгыз Айтматовдун Ысык-Көл форумун кайра баштоону демилгелеген.

Мамлекеттик Думанын депутаты Кыргызстанда орусиялык туристтердин санын көбөйтүү үчүн Орусия шаарларынан Ысык-Көл облусуна темир жол байланышын ачуу маселесин иштеп чыгууну да сунуштаган. Жолугушуунун аягында тараптар өлкөлөр ортосундагы мамилелер өзгөчө достук жана стратегиялык мүнөзгө ээ экенин белгилешкени айтылды.

Жириновский Ысык-Көл Орусияга гана ылайыктуу деген пикирди айтып, Ысык-Көлдү алууга үмүт кылып жүрөт. Ал Кыргызстан тууралуу да көп айтат:  2005-жылы 24-марттан соң Кыргызстанды бөлүп салып, Өзбекстан менен Казакстанга бериш керек деген. Андан соң Президенттик шайлоо алдында талапкерлердин бири Жириновскийге барып акча сурап, кокус президент болуп калса, Кыргызстандын мен деген мыкты жерлеринен берерин айтыптыр. Жириновскийдин айтуусунда аны жакын жолотпой кубалап жибериптир.

Жириновскийдин айтуусунда сойкуканаларды ачып, Орусияда көбөйтүү керек болчу. Орусиялык саясатчы Владимир Жириновский үй-бүлөлүү жубайларды ар кандай керебеттерде жана бөлмөлөрдө уктоого чакырган, анткени алар бири-бирин дагы да сагына түшүшөт деп белгилеген ал.

«Баса, керебет жөнүндө: адатта, күйөөсү менен аялы кантип укташат? Сиз бир төшөккө жыгылдыңыз! Башкача айтканда, алар бир керебетте укташат жана түнү бою уктабай, бири-бирине тоскоол болушат. Ошондуктан, сиз өзүнчө керебетте уктаңыз. Ошондой эле, аларды өзүнчө бөлмөлөрдө болуш керек. Маселенин акыркы чечими ушулбу? Жок, сиз өзүнчө батир алышыңыз керек», - деген эле маркум саясатчы.

Саясатчы өзүнүн позициясын жубайлар бир батирде жашаганда, бири-бирин дайыма көрүп, тажатышкандыгы менен түшүндүргөн: «Мунун баары сизди тажатат, сиз бир нерсеге жаман болгонуңуз үчүн эмес. Жакын жерде, ошол эле тепкичте, бирок сиздер кандай батирлерде болсоңуздар, жолугушкан сайын сагынуу күчөп, чогуу болуу сезими пайда болот. Бардык жакшы адамдарда чарчоо бар», - деген эзил кайран Жириновский.

Жириновский сойкуканалар темасында сөз сүйлөп, мисал катары түрк шаарларынын бирин келтирип, мындай мекемелердин ачылышы оң таасирин тийгизип жатат - киши өлтүрүүлөрдүн саны азайып жатат деген пикирин билдирди.

«Ошентип, мен Түркияны көпкө чейин изилдедим. Демонстрация шаарды айланып өтүп жатат - жалаң эркектер», - деди ал.

Анын айтымында, андан кийин шаар мэри журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, статистикага ылайык, сойкуканалар ачылганда адам өлтүрүүлөрдүн саны азаят деп түшүндүрдү. Ошентип, Жириновский түшүндүргөндөй, шаар мэри эки жамандыктын кичүүсүн тандап алды.

«Биз эсептедик, сойкуканалар ачылганда, бир психикалык оорунун статистикасы бар болчу. Жабылды - эки жылдан кийин, кескин көбөйүп кетти. Ошентип, сойкуканаларды ачканыбыз жакшы, ошондо адам өлтүргөн жиндилер аз болот», - деген Жириновский

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости