www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Орусиянын лидери Владимир Путин менен телефондо сүйлөштү. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, орус президенти Мирзиёевди жана өзбек элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Мындан тышкары, лидерлер эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгы менен бири-бирин куттуктады. "Ошондой эле, президенттер аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги окуялар, анын ичинде Украинанын айланасындагы абал боюнча пикир алмашты", - деп айтылат басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Кремлдин басма сөз кызматы сүйлөшүү өзбек тараптын демилгеси менен болгонун кабарлады. “Владимир Путин Донбасстагы республикаларды коргоо боюнча атайын аскердик операциянын жүрүшү тууралуу маалымат берди. Өзбекстандын президенти орус тараптын позицияларын жана аракеттерин түшүнүү менен кабыл аларын билдирди”, - деп жазылган Кремлдин билдирүүсүндө.

Эске салсак, 17-мартта Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Олий Мажлистин Сенатында билдирүү жасаганда Украинанын тегерегиндеги суроолорго жооп берген. Анда ал Украинанын айланасындагы кырдаал Өзбекстандын олуттуу кабатырлануусун жаратаарын билдирип, “Өзбекстан Украинанын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн тааныйт. Биз Луганск жана Донецк “элдик республикаларын” тааныбайбыз” деп айткан.

Путин 21-февралда Украинанын чыгышындагы жикчилдердин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. 24-февралда Москва Донбасста "атайын аскердик операция уюштуруу" деген жүйө менен Украинага чабуул жасап, согуш бащштаган.

2014-жылдын апрель айында Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден кийин орусиячыл жикчилдер эки облустун ичинде “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасын” жарыялаган. Эки аймакты тең Орусиядан башка бир да өлкө тааныган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости