www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салык кызматынын алдында "Салык сервис" мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, бул мекеме салыктык укук мамилелерине көмөктөшүү жана салыктык милдеттемелерди аткарууга жакшы шарттарды түзүү, эффективдүү башкаруу максатында негизделген.

Мекеменин милдеттери:

Салык кызматы органдарынын маалыматтык системасынын ишин үзгүлтүксүз камсыздоо жана жакшыртуу;

Салык органдарынын функцияларын аткарууга байланыштуу колдонулган материалдык-техникалык базаларды коштоо, керек учурда камсыздоо. Ошондой эле Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен соода жүгүртүүнүн алкагында Кыргызстанга импорттолгон товарларды каттоону көзөмөлдөө иштерин арттыруу;

Салык органдарында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн тармактарды керектүү консультанттар менен камсыздоо.

Жогоруда белгиленген жагдайлардан улам "Салык сервис" мекемесин түзүү жана жобосун бекитүү чечими кабыл алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости