www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик шайлоо расмий башталганы так талаш катуу кызыды. Алмазбек Атамбаев Москвага барып, Владимир Путин менен жолугуп, жайдары сөз жүргөнүн бийлик тарапташтары” бийликтин мураскери Сооронбай Жээнбековго Кремль колдоо көрсөтүүгө макулдук берди” деп дүңгүрөтүп жиберишти.

Москванын “чоң” саясатын терең түшүнгөн орус, кыргыз мыкчыгерлери мындай пикирге ынанбай, “океңдер Атамбаевдин кылган иштерине расчет кылып, далыга таптап узатты, бийликтин талапкерин колдоо тууралуу кеп болгон жок,”- деген пикирде. Кремль болсо, биринчиден региондогу туруктуулук тикелей Орусиядагы тынчтыкка тийешеси бардыгын, чектеш аймактарда боордош мамлекетке залал келтире турган жаңы жалындаган өрттүн болушун каалабастыгын ачык билгизип, Кыргызстандын башына келе турган жаңы жетекчиге тыкыр көз салаарын жашырган жери жок.

Ушуга байланыштуу, бийлик сунуштаган Сооронбай Жээнбековго ичи чыкпай жаткандары ачык байкалууда. Эл аралык терроризмден жабыркап жаткан дүйнө элдери бүгүн ИГИЛди каржылаган Катар мамлекетин блокадага алып, элчиликтерин чакыртып алып, чек араларын жаап жатат.

Ушундай кырдаалда, Катар мамлекетинен Кыргызстандын муфтийи М.Токтомушев аркылуу келип тургандыгы байма-бай айтылып жаткан акчалай каражаттарга Жээнбековдордун тикелей тиешеси бардыгы орус жетекчилигине маалым болсо, Кремль караманча каршы тураары айтпаса да белгилүү эмеспи. Ошондон улам, “Бакиев орден берип, узаткандай эле, океңдер да Атамбаевди далыга таптап, иттен чыгарып салды” деген пикир эл ичинде басымдуу болууда.

Булак: “Майдан.kg”

Последние новости