www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Криминалдык топто

ВИДЕО - Криминалдык топто "БТР" каймана атын тагынып жүргөн адам кармалды

Журналист: ГҮЛАЙЫМ ШАБРАЛИЕВА
16.11.2020, 19:38
10052
|

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Ысык-Ата районунун аймагында жеке ишкерге каракчылык жасалган. Окуя Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү жарандын өздүгү аныкталып, ага издөө жарыяланган.

Чүй ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү жана Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү жарандын жүргөн жери такталып, Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринен ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Чүй облусу боюнча атайын отрядынын кызматкерлеринин жардамы менен шектүү колго түшүрүлгөн. Кармалган жаран буга чейин соттолуп, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турганы аныкталды. Шектүү «БТР» каймана аты бар 28 жаштагы Т.А. экендиги белгилүү болду.

Шектүү Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда. 

Булак: NazarNews.kg



Поделитесь с друзьями