www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Бешкент айылында Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасында кыргыз, тажик жарандарынын ортосунда кайым айтышуу орун алды. 

Анда Кыргыз өлкөсүнө караган аймакка тажик жарандары базар уюштуруп алышты деген тариздеги видео тартылган. Видеодо көрүнгөндөй тасманы тартып жаткан аял киши жер-жемиш сатып отурган бир нече аял менен айтышып жатат. Ортодо Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик чек ара кызматынын бир аскери жүргөнүн көрүүгө болот. Ошондой эле ал тажик жарандарынан чек ара кызматындагылардын келишин суранган. Ошондой эле, эки өлкөнүн жарандары ортосунда кайым айтышуу орун алганын угууга болот.

"Аталган видео ноябрь айынын башында тартылган. Окуя Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сай айыл аймагында болгону аныкталды. Бул факт боюнча 12-ноябрда эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушкан. Анын жүрүшүндө Тажикстан тарап алардын жарандары такталбаган чек ара аймагында башаламан базар уюштурбайт деп сөз беришти. Учурда чек арада мындай базар уюштургандар жок. Аталган мамлекеттик чек ара аймагында абал тынч" , - деп Мамлекеттик чек ара кызматы түшүндүрмө берди. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости