www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – 2021 маселесин талкуулоо үчүн Кыргызстандан эки өкүл кетти. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева өзүнүн Твиттердеги микроблогунда жазды.

Анын айтымында, беш кишиден турган делегация Түркияга бармакчы болгон. Экөөсү мамлекеттин эсебинен, үчөө бюджеттик каражаттын эсебинен. Бирок Сурабалдиева акчаны үнөмдөөнү чечип, эки гана адамды: маданият министринин орун басары жана Мамлекеттик спорт агенттигинин башчысынын орун басарын  иш сапарга жиберди.

“Бюджеттик каражаттарды үнөмдөө кичинекей нерселерден башталат ”, – деп жазган Эльвира Сурабалдиева.

скриншот/Twitter

 

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости