www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Женго" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досонов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Ушул жылдын 4-декабрында Жазык кодексинин 207-беренесинин ("Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу") 3-бөлүгү, 215-беренесинин ("Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо") 3-бөлүгү боюнча шектелген Кадыр Досоновдун жазык иши боюнча тергөө иши аяктаган. Ал эми 15-декабрда иш Кара-Суу райондук сотунун өндүрүшүнө алынган.
17-декабрда айыпталуучунун жактоочусу соттук териштирүү башталганга чейин алдын ала угуу боюнча айыпталуучунун бөгөт чарасын өзгөртүүнү суранган. Өтүнүч 23-декабрда каралып, канааттандырылган.
Жазык-процесстик кодекстин 166-беренесинин талабына ылайык, айыпталуучу Досоновго карата үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасы 2022-жылдын 15-февралына чейин тандалып, сот залынан бошотулган.
Буга чейин жактоочу Назгүл Сүйүнбаева Facebook баракчасы аркылуу Кадыр Досонов УКМКнын Ош облусу жана шаары боюнча башкармалыгына өзү барганын билдирген.
Ал эми 10-февралда УКМКнын маалымат кызматы "Женго" каймана аты менен таанымал Кадыр Досоновго байланышкан ыкчам издөө иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлаган.
Расмий маалымат боюнча, Ош шаарындагы текшерүү иштеринин алкагында Досонов жашынып жаткан үйдү табышкан. Ал үйдөн жеке каражаттары, буюмдары, ошондой эле уюлдук телефону табылган. Мындан тышкары, тыюу салынган заттар, анын ичинен баңгизат чыккан.
Мындан улам Досоновдун жүргөн жерин аныктоо жана колго түшүрүү үчүн УКМК менен ИИМ тарабынан "Перехват" планы жарыяланган болчу.
Ал эми 11-февралда Досонов кармалып, УКМКнын абагына киргизилген.
Булак: NazarNews.kg