www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдөгү экономикалык оор кырдаалга карабастан ЕАЭБ үчүнчү мамлекеттерге бир катар товарлардын экспортун көбөйттү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын соода-сатык боюнча коллегиясынын мүчөсү Андрей Слепнев билдирди.

Адис "КР пандемияга байланыштуу ЕАЭБ мамлекеттеринин ичинен соода жаатында көп жоготууларга учурады" аттуу видеокөпүрөгө катышты. Иш-чара Sputnik Кыргызстан агенттигинин сайтынан көрсөтүлдү.

"Суу майдын экспорту 42 пайызга өстү. Бул товар негизинен Кытай, Түркия жана Индияга жөнөтүлүп жатты. Ал эми кумшекердин экспорту 15 эсеге жогорулады. Продукт адатта Тажикстан, Өзбекстан жана Азербайжанга жиберилди", — деди ал.

Слепнев быйылкы жылдын эсебинен дагы бир маанилүү жаңылык — бул Кытайга тоок жана уй этин жөнөтүүгө жол ачылганы экенин белгиледи. Ал ошондой эле үстүбүздөгү жыл ичинде буудайдын дагы экспорту жогорулаганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости