www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күрөөкана үйдү тартып алам десе кандай чара көрүш керек?

Кыргызстанда үйдү күрөөканаларга коюуга тыюу салынат. Бул туурасында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев эскертти.

Анын айтымында, турак жайды күрөөгө коюуну сураган болсо, анда ал күрөөкана мыйзамсыз иштеп жатат. Жаңы мыйзам кабыл алынса үйү күрөөдөгү адам сотко кайрылып, алган суммасынын 30 пайызын гана берип кутула алат.

Министр кыргызстандыктар күрөөгө эмнелерди коерун тизмектеди:

алтын буюмдары — 74%;

телефондор — 10%;

тиричилик техникалары — 7%;

автоунаа — 5%.

Министрдин сөзүнөн кийин депутат Нуржигит Кадырбеков эгер күрөөканалар жарандардын үйүн тартып алган болсо укук коргоо органдарына арыз жазууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости