www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык кеңешинин 29-февралдагы жыйынында президенттин “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыгына байланыштуу талаш-тартыштар чыкты. Жыйын башталган соң депутаттардын айрымдары мындагы кээ бир жагдайлар боюнча суроолор бар экенин айтып, маселе коюшту.

Мындан соң баш калаанын мэри Айбек Жунушалиев жарлык кабыл алынганын, ага ылайык депутаттык корпус 45тен 235ке көбөйгөнүн айтты. Ал ошол себептүү шаардык кеңешти мыйзам чегинде жаңы курамда иштөөгө чакырды. Кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиев бул жарлык тууралуу кеңири маалыматы жок экенин айтып, депутаттарга талкууга салды.

Мындан соң мэр демонстративдүү түрдө ордунан туруп, жыйындан чыгып кетти. Куванычбек Конгантиев мэрдин бул кадамына түшүнбөй калганын айтып, депутаттарды жагдайды саясатташтырбоого чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости