www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын элчилиги тарабынан уюштурулган жолугушууга Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Россиянын Ички иштер министрлигинин жана Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери дагы катышты.

Ага Россияда иштеп жана окуп жүргөн мекендештер, абакта олтурган кыргызстандыктардын жакындары келишти.

Студенттер окуу жайы “жүрүү мөөнөтүн” узартпай, эми алар миграциялык талаптарды бузгандыктан, айып төлөшү же Россиядан чыгып кайра кириши керектигин билдиришти.

Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчисинин орун басары Сергей Футо мындай көйгөйлөр өзбекстандык студенттерде да болуп жаткандыгын айтты. Бул маселе боюнча иш алып барууну убалады.

“Россиянын аймагында билим алып жаткан студенттердин жүрүү убактысын окуу жай өзү, окуу жылын толук эске алып, узартышы керек болчу, бирок алар өздөрүнүн жоопкерчилигин силерге жүктөптүр”, - деди Сергей Футо.

Андан сырткары, балдарды мектепке жана бала бакчага киргизүүдөгү жана мигранттарга арналган “Амина” тиркемесинин иштөөсүндөгү кыйынчылыктар, эмгек укуктарынын бузулушу – маянага байланыштуу маселелер айтылды.

Жолугушууда Москва облусундагы “Энерготек” ишканасында эмгектенип, жалпы суммасы 30 миллион рублдан ашык айлыгын ала албай жаткан 150 кыргыз жаранынын маселеси талкууланды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Жаркын Галиева бул иш Москва облустук прокуратурасынын кароосунда экенин айтты.

Акыйкатчынын орун басары Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнөн кызматкерлеринен “Энерготектин” жумушчуларынын укугун коргоп берүүнү өтүндү.

Акыйкатчы Институтунун жана Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери кыргызстандыктарга укуктук консультация беришти. Кабыл алынган арыздар Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москальковага жөнөтүлдү.

Айчүрөк Назаралиева Москва облусундагы “Сахарово” миграциялык борборуна дагы барды. Анда кармалган 160 кыргызстандыктын 11и аялдар.

Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузгандардан сырткары 11 кыргыз жараны оор эмес кылмышка шектелип кармалган. 3 аял пара берүүгө шектелип, 76 күндөн бери борбордо олтурат.

Кыргызстандыктар медициналык жардамга муктаждыгын айтып, кармоо шарттарына жана тамак-ашка даттанышкан жок.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 9 айында “Сахарово” борбору аркылуу 3928, 2025-жылдын 9 айында 2808 кыргыз жараны өлкөгө жөнөтүлгөн.

Последние новости