www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссия бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу №12 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Каримова Гүлсара Оморбековнаны каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын 26.09.2025-ж. № 78 токтому бекитилген № 61-формага ылайык, диний ишмерлер үчүн чектөөлөрдү сактоо жөнүндө декларацияга ылайык, Каримова Гулсара Оморбековна өзүн “диний ишмер эмесмин” деп билдирген.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин 2025-жылдын 11-октябрындагы маалымкатына ылайык, Г.Каримова “Келечек Умма” диний уюмун түзүү боюнча демилгечилердин 2022-жылдын 1-майындагы өткөн чогулушунун №1 Протоколунун негизинде, диний уюмунун мүдүрлүгүнө дайындалган.
Ошондой эле, Г. Каримова 2024-жылга карата берген отчету боюнча “Келечек Умма” диний уюмунун жетекчиси катары көрсөтүлгөн.
Мындан сырткары, Г.Каримова “Сыддык Мухаммед Балту” диний окуу борборунун директору кызматын 2023-жылдан 2025-жылга чейин аркалап келген. “Сыддык Мухаммед Балту” диний окуу борбору 2023-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин каттоосунан № 0838-ДОЖ номери менен өткөн.
Аталган диний окуу борбор өзүнүн ишмердүүлүгүн Жалал-Абад облусунун аймагында жүргүзүп келет.
Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ Каримова Гулсара Оморбековнанын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктап, аны депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө сунуш берген.
2025-жылдын 28-октябрында болуп өткөн Жумушчу топтун отурумунда Каримова Гулсара Оморбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү катышкан.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык диний ишмерлер өздөрүнүн диний ишин токтоткондон кийин 5 жыл ичинде Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга укуксуз.
Жумушчу топтун № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Каримова Гулсара Оморбековнанын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө корутундусунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктун жетекчиликке алып, КР БШК “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, КР БШКсы Каримова Гулсара Оморбековнаны № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты.
.