www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы №6 округ боюнча талапкерлигин койгон Шайлообек Атазовду каттоодон баш тартты. Мындай чечим БШКнын жыйынында кабыл алынды.

Жумушчу топ Атазов тарабынан берилген документтер шайлоо мыйзамынын талаптарына жооп бербестигин аныктады. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча ал 2024-жылдан азыркы учурга чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган. УКМКнын Чек ара кызматы 2024-жылы Атазов етка тышында 260 күн болгонун билдирди. Буга байланыштуу жумушчу топ аны каттоодон баш тартууну сунуштады.

ИИМ өкүлү Шайлообек Атазовго карата уюшкан кылмыштуу топту каржылоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун да билдирди.

Шайлообек Атазон ИИМдин маалыматы чындыкка дал келбешин айтты

«Менин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсу экеним тууралуу эч кандай маалымат жок. Мен сотко кайрылам. Акыркы жылдары мени бир нече жолу текшеришкен, бирок Мыйзамга каршы эч нерсе табылган эмес», -деди ал.

Атазовдун айтымында, ал спорттук ишмердүүлүгүнө байланыштуу чет өлкөдө болгон.

«Бирок, ал убакта мыйзамда мындай талап жок болчу. Эгер билгенимде, чет өлкөдө болгону 2 ай жүрүп, кайра келмекмин. Азыр мындай талапты колдонууга болбойт», деп билдирди ал.

БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров мыйзамды Жогорку Кеңештин депутаттары кабыл алганын маалымдады...

«Моралдык жагыш түшүнүп турабыз, сиз жаштарга жардам бересиз жана буга байланыштуу чет өлкеде болдуңуз. Бирок Мыйзам эмне болот? Биз мыйзам чегинде иштешибиз керек», деди ал.

БШК мүчөлөрү жумушчу топтун чечимин колдоп, Атазпаду Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тартышты.

Последние новости