www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2022-жылдын 17-мартында Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде каргашалуу Аксы окуясынын 20 жылдыгына арналган тегерек стол дипломатиялык өкүлчүлүк тарабынан Москва шаарындагы «Аксы коому» бирикмесинин активисттери менен биргеликте уюштурулду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алгач тегерек столдун катышуучуларына, анын ичинде бир катар кыргыз диаспора уюмдарынын жетекчилерине 2002-жылдагы Аксы окуясы тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү.
Элчилик чогулгандардын көңүлүн президент С.Н.Жапаровдун Аксы окуясынын 20 жылдыгына байланыштуу Кыргызстан элине кайрылуусунун мазмунуна бурду. Айрыкча, биздин башкы максатыбыз өткөндөн сабак алып, демократиялык өлкө катары өнүгүүгө, өсүүгө умтулуу экенине көңүл бурулду.
2002-жылдагы Аксы окуясы кыргыз элинин авторитардык жана коррупциялык режимге каршы күрөшүүсүнүн башталышы болгон деген жалпы пикир айтылды.
Москва шаарындагы «Аксы Коому» коомдук бирикмесинин төрагасы Мирлан Жолдубаев Кыргызстандын эли адилеттик үчүн жанын берген аксылык баатырларды ар дайым эстей турганын белгилеп, иш-чараны биргеликте уюштурган элчиликке ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде Аксы коомунун аксакалдар кеңешинин төрагасы Искендер Райымбеков тегерек столдүн өткөрүлүп жатканына ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда 2002-жылдагы Аксы окуясына жетиштүү көңүл бурулбай жатат деген оюн билдирди.
Аксы коомунун аксакалдары катышуучулар менен 2002-жылдагы каргашалуу окуялар тууралуу эскерүүлөрүнөн бөлүштү. Тегерек столдо мындан 20 жыл мурда тынчтык митингине катышкан Санжар Апсаматов менен Асылбек Тургуналиев да сөз сүйлөштү.
Тегерек столдун катышуучулары бир добуштан мындай окуялар кайталанбасын деген тилегин билдирип, Кыргызстандын мындан ары да туруктуу өнүгүүсүн каалашты.
Булак: NazarNews.kg