www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Украина кризисинин чечилиши АКШ менен НАТОнун колунда деп эсептейт. Бул тууралуу Eurasia Today Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чжао Лицзян билдиргенине таянып жазып чыкты. “Биз АКШ менен НАТО кризистин күнөөкөрлөрү катары Украина кризисин чечүүдөгү ролу тууралуу ойлонушат деп үмүттөнөбүз. Украинадагы кризисти чечүүнүн ачкычы НАТОнун, өзгөчө америкалыктардын колунда", - деди ал.

Чжао Лицзяндын айтымына караганда, көптөгөн эл аралык эксперттер НАТОнун Орусияга каршы экспансионизми "чоң жаңылыштык" экенин баса белгилешкен, бирок Вашингтон эскертүүлөргө көңүл бурбай, НАТОну Чыгыш Европага жайылтуу үчүн беш жолу аракет кылган.

Пекин АКШнын ушул аракетин Украинадагы азыркы кризиске түздөн-түз байланыштуу деп билет. Ошондой эле, Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү: "Алар өз жоопкерчилигин чынчылдык менен моюнга алып, чыңалууну азайтуу жана көйгөйлөрдү чечүү жана Украинадагы жаңжалды мүмкүн болушунча тез арада токтотуу үчүн реалдуу кадамдарды жасашы керек", - деп баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости